23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.
№4 башталгыч мектебинин 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш чаранын маалыматы.
№4 башталгыч мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган жумалык өткөрүлдү. Жумалыктын ачылы 20-апрель күнү китепканачы жана 4 а класстын окуучулары ачышты. 4-а класстын окуучулары китептин тарыхын, китеп жөнүндө ырларды жана “Эки китептин маеги” деген сахналаштырууну көрсөтүштү. Линейкага бардык биринчи жана экинчи смендин окуучулары катышышты. Ушул эле күнү Суюнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата 4-класстар арасында даярдалган дубал гезиттер, 2-4 класстар арасында китепчелер сынагы, “Менин сүйүктүү каарманым” деген темада 1-4 класстар арасында конкурстун жыйынтыгы чыкты. Жыйынтыкты чыгаруу үчүн атайын комиссия түзүлүп, орундар берилди, грамоталар жазылды.
Суюнбай Эралиевдин 100-жылдыгына дубал гезит боюнча:
I орун 4 а класс кл.жетекчиси Сыдыкова А.О.
II орун 4 в класс кл. жетекчиси Ибраимова С.К.
III орун 4 г класс кл.жетекчиси Будайчиева А.К.
Китепчелер сынагы боюнча:
I орун 4 в , 3 в класстар кл. жетекчиси Ибраимова С.К, Мусаева Р.
II орун 3 г, 4 г класстар кл.жетекчиси Будайчиева А.К.
III орун 2 в класс кл. жетекчиси Адилетова А.А.
Активдүү катышкандар: 1а, 1б, 1в, 2 б,3 а, 3 б класстары.
21-апрель күнү Көркөм окуу сынагы, “Менин сүйүктүү жазүүчум” деген темада ыр, монолог, чыгармадан үзүндүлөрдү 1-4 класстардын окуучулары активдүү катышып аткарып беришти.
23- апрель “Китеп окууга убакыт” сынагы 1-4 класстар арасында өткөрүлдү. Ар бир класс жетекчилерге китепканачы тарабынан USAID фондусунан келген китептер таратылып, окуучулар китептерди окушту.
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жумалыктын жыйынтыгы
23-апрель күнү белгиленди. Китепканачы тарабынан даярдалган грамоталар тапшырылып, окуучуларды китепти көп окууга , туура жана таза колдонууга чакыруу иштери жүргүзүлдү.
Комментарии